• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аида Салянова абактан чыкты (Видео)

15 Баш оона 2019 22:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

Экс-башкы прокурор Аида Салянова абактан чыкты. Бул тууралуу Govori.TVга сиңдиси Чынар Турдалиева билдирди.

Анын айтымында Биринчи май райондук соту бүгүн Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Адвокат жана анын туугандары ден соолугу начарлап жатканын айтып келатышат.

Количество просмотров: 68