Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.
Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, ал 26-июнга чейин камакка алынды.
Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.