Бишкек.20.12.17.Govori.TV
Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор, экс-министр Аида Саляновага байланыштуу ишти кароону улантууда.
Мында 2010-2016-жылдар аралыгында Юстиция министрлигинде иштеген Гүлзат Жумасаева күбө катары суроолорго жооп берди. Ал Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болбогонун билдирди. Учурда соттук коллегия ишти териштире баштады.
Белгилей кетсек, Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан»- деген айып тагылып,10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.
Ал эми Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма экенин айтып келет.