• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айданбек Акматов: Баш мыйзамдын 15 беренеси бузулуп жатат

16 Бирдин айы 2023 16:29 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 15-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы кароо уланууда.

Соттун чечими менен саясат талдоочу Айданбек Акматов үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине чейин камакта калды.

Сот залына алынып келинген Акматов төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Баш мыйзамдын кеминде 15 беренеси бузулуп жатат. Эч кандай тергөө жүргөн жок, эки жолу гана сурак болду. Саясий куугунтук күчүндө»,-деди Акматов.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 161