• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айдоочу эки өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен

17 Жалган куран 2023 12:56 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда айдоочу 11 жана 6 жаштагы эки өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартта саат 19:51лер чамасында Военно-Антоновка айылындагы Фрунзе жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин катталган. «Белгисиз айдоочу 2012-жылы туулган Д.А. жана 2017-жылы туулган Д.З.ны сүзүп, токтобостон окуя болгон жерден из жашырып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада балдар Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсыкка шектүү айдоочуну 14-мартта гана кармоого мүмкүн болуп, ал 1985-жылы туулган К.А.В. болуп чыккан. Кармалган жаран райондук милициянын Тергөө кызматына өткөрүлүп берген.

Количество просмотров: 299