Бишкектин Свердлов райондук соту 24 жаштагы Айза Улан кызын жөө өтмөктөн коюп кетип, качып кеткен айдоочуну үй камагына чыгарды. Мындай чечимге маркумдун жакындары нааразы.
Айыпталуучунун үй камагына кое берилиши коомчулукта резонанс жаратып, маселе парламентте да көтөрүлдү.
Кылмышка айыпталып жаткан 1974-жылы туулган айдоочу эмне себептен камактан бошотулганы тууралуу бүгүн Свердлов райондук сотунун судьялары маалымат берди. Алар тергөө жүрүп жаткан учурда гана айыпталуучу үй камагында болорун, тергөө амалдары бүткөн соң, чечим чыккандан кийин ал киши сөзсүз түрдө жазага тартыла турганын түшүндүрүштү.
Ал эми маркум Айза Улан кызынын жакындарынын адвокаты Аскат Жакупбеков айыпталуучу көрсөткөн медициналык маалымкаттардын жарактуулугу текшериле турганына токтолду.
Айза Улан кызы Ички иштер министрлигинин академиясынын квалификациясын жогорулатуу борборунда үч айлык атайын баштапкы даярдоо курстарынан өтүп жаткан. Ал келечекте тергөөчу болууну кыялданчу.
Белгилей кетсек, каргашалуу окуя 9-январда таңкы саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. “Тойота” үлгүсүндөгү автоунааны 48 жаштагы мурдагы ИИМ кызматкери башкарып жүргөн. Кыздын жакындары акыйкат чечим чыгышын талап кылууда.