• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айдоочуга ок чыгарган инспектор 16 жылга кесилди

22 Жетинин айы 2022 15:05 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын мурдагы кызматкери Жакупбек Дуулатбек уулу айдоочуну өлтүргөн деп аныкталып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 22-ноябрда Свердлов райондук соту кабыл алганын Govori.TVга Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Сот Дуулатбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын түзөтүү колониясында өтөө жана 3 жыл бою укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салган.

Эске салсак, 2021-жылдын 27-августунда кечинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада ок жүрөгүнө тийип 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок айдоочунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине («Бийликтен аша чаап колдонуу») ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Окуя видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Дагы үч кызматкер кылмыштын изин жашырган деп шектелген. Алардын баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ар бири жети жыл алты айга эркинен ажыратылган, бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынгандыктан камактан бошотуу чечими кабыл алынган.

Количество просмотров: 181