• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте милиционер айдоочуга ок чыгарган окуянын чоо-жайы

28 Баш оона 2021 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кайгуул-күзөт кызматкеринин огунан адам өлгөн окуя тууралуу түшүндүрмө берди. ШИИБдин басма сөз кызматы ок кокусунан атылып кеткенин маалымдоодо.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү, саат 21:30 чамасында Жибек-Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин кайгуул-күзөт башкармалыгынын экипажы каршы тилкеде келе жаткан автоунааны токтоткон.

«Автоунааны айдап бараткан 32 жаштагы А. Ч. жол эрежесинин бузулганы жөнүндө протокол түзүлүп жаткан учурда тополоң кылып, документтерин калтырып кетип калган. Бир канча убактан кийин ал кайтып келип, кайгуул-күзөт кызматкерлерине үстөмдүк кыла баштаган. Чатак чыгарып, мушташууга аракет кылган. Мындан тышкары инспектордун табелдик тапанчасын алууга аракеттенген. Тапанчаны талашып жаткан учурда кокусунан атылып кетип, айдоочу жараат алган», — деп жазылган маалыматта.

Натыйжада атылган октон айдоочу каза тапкан.

Бул факт Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө катталды. Окуяны ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтеп жатат.

Количество просмотров: 980