• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айдоочулардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн Транспорт министрлигинин инспекторлору кармалды

23 Бирдин айы 2022 9:49 Бишкек Govori.TV

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мурда маалымдалгандай, УКМК өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында ишкерлердин кызыкчылыгын көзөмөлдөөчү органдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик контролдоо пункттарынын системасында коррупциялык схеманын бар экендиги жөнүндө маалыматтар алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар тастыкталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 22-февралында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору С.У. жана К.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишет.

Количество просмотров: 82