• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Коомдук унаа айдоочуларына рейд жүргүзүлөт

6 Жетинин айы 201812:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Коомдук тартипти камсыздоо, автотыгынды азайтуу жана кырсыктардын алдын алуу үчүн Бишкек мэриясы тийиштүү кызматтар менен бирге иликтөө иштерин жүргүзүп баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, рейд Жибек Жолу проспектисинде, Курманжан датка көчөсүндө жана Аламүдүн базарына тиешелүү территорияларда жүргүзүлөт. Бул иш-чараны өткөрүүнү Свердлов районунун администрациясы демилгелеген.
Рейд учурунда инспекторлор автоунаалардын туура токтотулушун, маршруткалардын жүргүнчүлөрдү каалаган жерден салып, түшүрүүсү көзөмөлдөнөт. Эреже бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, автоунаа айып короого токтотулат.
Количество просмотров: 65