«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. №9 ЖТИ тарабынан нөөмөт бар.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда суу кар жаап жатат. Унаа жол ачык, Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат. Жолдор ачык. Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болуп жатат. Учурда ашуу ачык, каттам бар», -деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей аталган жол тилкелеринде атайы тийиштүү ЖТИлер тарабынан нөөмөт кылынып, көзөмөл болууда.