Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштерин август айынын ичинде бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жол куруу иштери бекитилген графикке ылайык кызуу жүрүп жатат.
Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна алып чыгуучу бул маанилүү жолдун узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Учурда жолдун бурулуштарындагы суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү.