• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Айгерим Жумагулова: «Атам бир дагы жолу жаман сөз сүйлөгөн эмес”

7 Жетинин айы 2018 16:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.11.2018.Govori.TV

 Айгерим Жумагулова, Султан Жумагуловдун кызы:

 Атам асыл адам болчу. Ал биринчи орунга адамдын укугун коюп, бизди дагы өз укугубузду коргой билүүгө үйрөттү. 29 жашка чыктым,бул убакыт аралыгында атамдан бир дагы жаман сөз уккан жокмун. Баарыбызга тегиз мамиле жасачу. “Кызды кырк үйдөн тыю”,- деген сөзгө кошулчу эмес. Тескерисинче кыздарына эркиндик берип,эркин болууга тарбиялады. Адам байлыкка эмес, биликке эмес окууга, билим алууга,дүйнө кыдырууга кызыгыш керек деп көп айтчу.. Бизди дайыма эркелетчү. Ар бирибизди өзүнчө атап, эркелеткен аттары бар эле. Ойлоп көрсөм атакеме аябай эркелеп чоңоюптурбуз. Бирок, анын олуттуу көз карашынан кылган ишибиздин жакканы же жакпаганы билинет эле. Ошого атамдын көз карашынан сүрдөп турчубуз. Боорукер жан болчу. Сырын ичине катып,эзилип жүргөн сапаты бар эле. Ачуусу келгенде ичине катып эч сыртка чыгарчу эмес. Айла жок атабызды ажалдан арачалап калууга чамабыз жетпеди,чарасыз калдык.

Количество просмотров: 26