• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айгерим Жумагулова: «Атама алган кымбат баалуу дарылардын ээси табылса акысыз беребиз»

15 Тогуздун айы 2018 11:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.10.2018.Govori.TV

Султан Жумагуловдун көзү өтүп кеткенине байланыштуу, анын кымбат баага сатып алган дарылары чыныгы дарыга муктаж адамга акысыз берилет.
Бул тууралуу Govori.TV ге Султан Жумагуловдун кызы Айгерим Жумагулова кабарлады.

«Мен боорукер адамдардын кайрымдуу иштерди жасашына ишенем. Атамдын ден-соолугун жакшыртуу үчүн алган дары-дармектерибиз чыныгы муктаж адамдарга керек болуп жаткандыр.. Дарылар кымбат суммага алынган. Ошол муктаж болгон адам табылса биз аларды акысыз берүүгө даярбыз. Бирок, чын эле ал адам ошол дармекке муктажбы, ошол нерсени аныктагандан кийин гана беребиз.

1.Оорулуу адамдын диагнозу
2. Врачтан көрсөтмө кагаз
3. Муктаж адамдын өздүгү
Ушуларга жооп бериши керек» — дейт Жумагулова.

Айгерим Жумагулова дарыларды алып акча жасагысы келгендер дагы болуп жатканын кошумчалады. Ал бул препараттар чыныгы дары керек болгон адамдын колуна түшүп, ага аз болсо да жардам болсо деген ойдо.

Количество просмотров: 52