• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

“Айкөл Ала-Тоо” коомунун лидерин эмнеге кармап кетишти?

6 Кулжа 201917:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

“Айкөл — Ала-Тоо” коомунун лидери жана жарандык активисттердин бири Амантур Жамгырчиевди шаардык милиция кыска мөөнөткө кармап, чыгарышты.

Маалыматка ылайык, 8-июнда өтө турчу «Коррупцияга каршы реалдуу күрөш» митингине катышууга үндөгөн плакаттарды кармап, Ош базарынын айланасында кетип бараткан жарандык активисттерди Биринчи Май районунун №5 бөлүмүнө алып келишкен.

Флешмобдун катышуучусу А. Жамгырчиев алар тарабынан эч кандай коомдук тартип же мыйзам бузуу болгон эместигин айтып, түшүнүк кат жаздырышып, кайра кое беришкенин кошумчалаган.


Количество просмотров: 14