• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Аймактарды өнүктүрүү жылы» максатына жеттиби?

13 Жетинин айы 2018 17:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы”,-деп атаган. Ал эми бул жылдын аякташына 2 гана ай калды. Жыл башынан бери региондорду өнүктүрүүдө өлкөдө кандай иш-чаралар аткарылганы тууралуу элөкүлдөрү өз ойлору менен бөлүшүштү.
Депутат Алмазбек Эргешов бул жылдын негизинде аймактарда алгылыктуу иштер аткарылып, жылыш болду деген пикирин айтты.
Ал эми депутат Исхак Масалиевдин оюу боюнча бул жыл жөн эле ураан болуп калып, көздөгөн максаттар аткарылган жок.
Аймактарды өнүктүрүү жылында Кара-Кулжа районунда элдин күчү менен бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып, жол курулуп, суу чыгарылганын депутат Эмиль Токтошев айтып берди.
Республикада жыл ичинде “Региондорду өнүктүрүү”боюнча аткаминерлер анча-мынча иштерди аткарып, айрыкча аймактык аш-тойлорду өткөрүү жагынан жарышка түштү.

Количество просмотров: 84