• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү (видео)

3 Жетинин айы 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөштү. Алгач бутуна кирип эки упай топтой алды, көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша Бипашанын далысын жерге тийгизип таза жеңишке ээ болду.

Количество просмотров: 1001