• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбековага Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылды

13 Бештин айы 2019 9:43 Бишкек Govori.TV

«Чыңгыз Айтматов» атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алуу бул — чоң сый-урмат жана даңк. Мындай оюн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Чыңгыз Айтматов» атындагы сыйлыкты 17 кыргызстандыкка тапшыруу аземинде билдирди. Өкмөт башчы сыйлык алгандардын айрымдарына токтолду, алардын катарында спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслова да бар.

«Мен спорттун күйөрманымын жана чемпион болуш үчүн кандай эмгек талап кылынарын жакшы билем. Сиздерди Кыргызстан жаштары  кумир тутат. Убакыт тез эле өтүп кетет. Ошондуктан, силер адам жана спортчу катары бардык жакшы сапаттарыңар менен өсүп келе жаткан жаш спортчуларга үлгүсүздөр. Бул ар бирибиздин адамдык жана жарандык милдетибиз», — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев сыйлыктын лауреаттарынын арасында коррупцияга байланыштуу олуттуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө салым кошкон маркум Уланбек Эгизбаев дагы бар экенин айтты.

«Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты» наамы төмөндөгүдөй номинациялар боюнча төмөнкү талапкерлерге ыйгарылды:

  • «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Акжол Доранбек уулу;
  • «Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма» — Уланбек Эгизбаев (көзү өткөндөн кийин);
  • «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)» — Арзымат Жороев ;
  • «Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор» — Ызат Исаков;
  • «Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)» — Дастан Жапар уулу;
  • «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» —  Адилет Токтогулов;
  • «Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Нурсултан Кубанов;
  • «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — Айсулуу Тыныбекова ;
  • «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Азамат Баялинов.

«Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты» наамы төмөнкүдөй номинациялар боюнча төмөнкү талапкерлерге ыйгарылды:

  • «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Адилет Зарылбек уулу;
  • «Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик» — Гүлшан Таалайбекова;
  • «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)» — Тамила Маматова;
  • «Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы» — Атай Өмүрбеков;
  • «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Байгелди Нурдинов;
  • «Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Нургуль Абдыкеримова;
  • «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — Дарья Маслова;
  • «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Иззат Берхмаматов.
Количество просмотров: 104