• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айыккыс илдетке чалдыгып, абактан бошотулган Суталиновдун азыркы кездеги сүрөтү жарыяланды

26 Теке 2022 15:46 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун азыркы кездеги сүрөтүн жарыяланды. Анын сүрөтүн Facebook колдонуучусу Назгуль Мамытова өз баракчасына жүктөп, «Мурат Суталинов азыр ушундай… Убагында бу киши да күлүн асманга сапырам дечү эле аттиң» — деп билдирүү калтырган.

Эске салсак, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов 2019-жылдын 7-майында Бишкек шаардык соттун чечими менен эркиндикке чыккан. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга байланышкан иш боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган эл.

Мурат Суталиновду сот өсмө илдетине чалдыкканы, паллиативдик жардамга муктаж экенин эске алып, абактан биротоло бошотуу чечимин чыгарган.

Андан соң Мурат Суталиновдун жубайы анын саламаттыгы тууралуу маалымат берип, ал баса албай калганын айткан.

Количество просмотров: 19118