«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 8 миң 371 кишиге 4 млрд 206 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
«Лизинг маселеси да жолго коюлган. 2020-жылы 250 айыл чарба техникасын лизингге берүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 204 айыл чарба техникасы лизингге берилди», — деди ал.