• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Айыл өкмөттөгү башкы адис УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

15 Теке 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айыл өкмөттүн башкы адиси финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси («Пара берүү») боюнча ижарага берилген жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган КРнын Б.Ю.Я., аттуу жараны кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1576