• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айыл өкмөттүн мурдагы кызматкери жер сатып жиберген

28 Аяк оона 2022 13:28 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда Ленин айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери Д.А. жасалма документ менен 4 миң долларга жер сатып жиберген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында Д.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранып, ал 2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4 миң доллар алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрда кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1970-жылы туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 223