• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери мамлекетке 56 миллион сом зыян келтирген

17 Аяк оона 202414:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Көк-Таш жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабаралашты.

Аталган айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл аймактарындагы парктын, социалдык объектилердин, бала бакчанын, оорукананын, таштанды полигонунун жана жолдордун курулушу аяктаганга чейин эле подрядчылардын эсебине акча которуп жиберишкен.

Натыйжада, жооптуу адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпысынан 56 млн 107 миң 652 сом материалдык зыян келтирилгендиги такталган. Анын ичинен 11 млн 24 миң 973 сом текшерүү учурунда мамлекетке кайтарылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 10 кылмыш иши козголуп, алардын тергөөсү Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылды.

Количество просмотров: 176