• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айзаданы уурдоого шек саналган үчүнчү адам колго түштү

8 Чын куран 2021 20:33 Бишкек Govori.TV

Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналып үчүнчү адам колго түштү. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 26 жаштагы К. Т. аттуу жаран тергөө абагына киргизилгенин.

Айзаданы уурдоого аралашкан деген айып менен буга чейин эки адам колго түшкөн.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 507