• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Айзанын өлүмү: Шектүүнү шаардык сот да үй камагында калтырды

26 Үчтүн айы 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун чечими менен 24 жаштагы Айза Улан кызын унаасы менен койдуруп кеткен айдоочу үй камагына чыкты.

Сот шектүүнүн жактоочусу соттук-медициналык эспертизанын корутундусун көрсөткөнүн билгиледи.

«25-январда берилген корутунду боюнча шектүүнүн өнөкөт бөйрөк оорусу бар. Ал оор илдеттердин катарына кирет. Мындай учурда өкмөттүн токтому менен шектүүнү камакка алууга болбойт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Свердлов райондук соту да шектүүнү үй камагына чыгарган. Ал эми шаардык сот бул чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Маркумдун жакындары жана агасы шектүүгө операция жасалганын жана ал гемодиализге муктаж эмес экенин айтышкан.

Социалдык тармакта да адам өлүмүнө себеп болгон айдоочуга карата соттун «жумшак» чечими сынга алынып жатат.

Эскерте кетсек, 9-январда саат 07:10 чамасында белгисиз айдоочу Жибек Жолу көчөсү менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү Айза Улан кызы окуя болгон жерден көз жумган.

13-ноябрда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип, «Тойота» унаасынын 48 жаштагы айдоочусу кармалганы кабарланган.

Количество просмотров: 373