• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Батада 650 орундуу мектеп курула баштады

10 Жалган куран 202613:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 5300,33 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты — 1,08 гектар. Жаңы билим берүү мекемеси заманбап шарттары менен 3 блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулат.

Белгилей кетсек, аймактын сейсмологиялык шартын эске алып, имараттын конструкциясын 9 баллдан жогору туруктуулукка ылайыктап күчөтүү каралган. Ошондой эле жер кыртышынын татаалдыгынан улам 8,8 метр тереңдикке чейин жер казылып, пайдубалы өзгөчө ыкма менен бекемделет.

Количество просмотров: 106