«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка 2023-жылда тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруунун салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 17-майда өтөт.
«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлөт.
Аталган улуттук кино сыйлык 2012-жылы бараандуу кинематографисттердин тобу тарабынан негизделген. Кыргызстандагы кино тармагындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылган алгачкы сыйлык.
Иш-чара Кыргызстан кинематографисттер уюмунун, «Айтыш» коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет. 2019-жылы киносыйлыкты жыл сайын откоруу максатында «Борбордук Азиянын кинематография искусствосунун «Ак илбирс» академиясы» коомдук фонду түзүлгөн.
Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:
Белгиленгендей, документ тапшыруунун мөөнөтү 30-апрелде аяктайт, табыштаманын үлгүсүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирип жүктөп алууга болот.
«Аны толтурган соң [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү керек. Байланыш номери: +996(706) 190 201», — деп айтылат маалыматта.