• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Ак үйдүн алдында интернетти көзөмөлдөө мыйзам долбооруна каршы митинг өтөт

25 Кулжа 20209:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июнда Ак үйдүн алдында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы митинг өтөт. Бул тууралуу FactCheck.kg маалымат порталынын башкы редактору Болот Темиров өздүк баракчасына жазды.

https://www.facebook.com/bolot.temirov/posts/3332924613427134


Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

Документте интернет колдонуучулардын, сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. 6-беренесинде интернетке чыккан маалымат жалган болсо, Маданият министрлиги аны сотко чейин эле чектей алат деп көрсөтүлгөн.

Социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталууда.

Количество просмотров: 46