• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Ак үйдүн алдында өтүп жаткан митингде жаңжал чыкты (видео)

1 Аяк оона 202014:02 Бишкек Govori.TV

 Ак үйдүн алдында өтүп жаткан «Караван» соода борборунун ижарачыларынын митинги учурунда жаңжал чыкты.

Эске салсак, бүгүн 150дөй киши Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун «Караван» соода борборун электрондук сооданын тизмесине киргизүү тууралуу чечимине каршы болуп, Ак үйдүн алдына чогулушкан.

Маалыматтар боюнча, митингге чыккандардын арасында жубайын колдоого келген Түркиянын жараны бар болчу. Анын жубайы – «Караван» соода борборунун ижарачыларынын бири. Милиция Түркиянын жаранынан документтерин көрсөтүүнү суранган, бирок чет элдик жаран баш тарткан.

Ошол учурда укук коргоочулар аны милициянын бөлүмүнө алып кетүүнү чечишкен. Бирок митингдин катышуучулары аларга чет элдик жаранды алып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Бул тууралуу видео маалымат каражаттарына жарыяланган.

видео 24.kg
Количество просмотров: 44