Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов “Ак-Ордо-3” конушундагы мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышынын чоо-жайын айтты. Бул жагдайлар боюнча ага ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берген.
«Коомчулукта чоң резонанс жараткан бул кылмыштын бетин ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ички иштер министрине жазып көрүүнү чечтим. Түн жарымга жакын министр кайра телефон чалды. Жана менен кылмыш иши кандайча ачылганына кызыктым. Ал иштин бетин ачууда «Коопсуз өлкө» системасынын оперативдүү-техникалык каражаттарын колдонуу негизги ролду ойногондугун айтты. Шектүүнүн изине түшүп, сырттан көзөмөл кылуу менен Ысык-Көл облусунан Бишкекке коштоп барышкан. Ниязбеков ошондой эле шектүү кармалгандан кийин эки киши өлтүргөнү толугу менен мойнуна алганын айтты», — деп жазат Кулов.
Кулов ошондой эле министр президент Садыр Жапаров менен байланышта болгонун, ал тергөөнү жеке өзү көзөмөлдөп жатканын белгиледи.
Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганы 7-октябрь кечке маал айтыла баштаган.
Ал эми ИИМ расмий маалымат бере элек.
Окуя 3-октябрга караган түнү саат 3 менен 4түн аралыгында болгон. Кылмышкер үйдүн ээсин жана эжесин өлтүрүп кеткен. Шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган. Ага ИИМ издөө жарыялаган.