• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ак-Сууда жөө адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу 8 күндөн кийин кармалды

10 Аяк оона 201910:13 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунда жөө адамды унаасы менен өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу 8 күндөн кийин кармалды.

Эске салсак, кырсык 31-августта Каракол—Эңилчек унаа жолунда болгон. Теплоключенка айылынын 1990-жылы туулган тургуну жолдон өтүп бара жатканда унаа коюп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Жабырлануучу Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Аталган окуяга шектүү делип Ак-Суу районунун 1989-жылы туулган тургуну кармалды. Ал күнөөнү мойнуна алып, жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» унаасы менен жөө адамды койдуруп кеткенин айтты.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 115