• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ак-Түздө химиялык калдыктар түтүгү жарылды

27 Бирдин айы 2018 11:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.02.2018.Govori.TV.
Кемин районундагы Ак-Түз айылындагы кен иштетүүчү фабрикадан калдык сактоочу жайга төшөлгөн түтүк жарылды.
Кырсык 26-февралда таңга маал болгон. Сууктан улам түтүк жарылып, Ак-Түз айылындагы жолду каптаган жана айрым бөлүгү Кичи-Кемин суусуна куйган.
Түтүк 20 мүнөт ичинде калыбына келтирип, химиялык калдыктар тазаланган. Аймактагы радиациялык фон өз калыбында экенин, адамдын саламаттыгына коркунуч жаратпай турганын мамлекеттик органдар билдирүүдө.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Ак-Түз айылында жайгашкан орусиялык “Георезерв” жана “Реоресурс” компаниялары алтын кошулмасы бар кенди кайра иштетүү жана байытуу жаатында иш алып барат.

Видео 24.kg

https://www.youtube.com/watch?v=S9Pwx240vWM

Количество просмотров: 24