• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Талаада 150 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

24 Бештин айы 202415:12 Бишкек Govori.TV

Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылында 150 орунду А.Турдакунов атындагы мектептин курулушу аяктап калды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 85,6 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча 4 блоктон турган 2 кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы менен курулат. Мындан сырткары, негизги класстардан башка китепкана, дарыгердин кабинети, ашкана, актовый зал каралган. Мектептин жалпы аянты 1352 чарчы метр.

«Бүгүнкү күндө мектептин курулуш-монтаждоо иштери 90 пайызга бүткөрүлдү», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 181