Megacom
  • Шейшемби 7 Чын куран 2020

Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев. Бийликтин алмашуусу бир иллюстрацияда

17 января 2020 в 14:39 Бишкек Govori.TV

Дизайнер Нурбек Насыранбеков эгемендүү Кыргызстандагы бийликтин алмашуусун иллюстрация менен чагылдырды.

Анда Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду көрүүгө болот.

Өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында бийликтен ажырап, андан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга качкан. Акаевдин учурунда оппозициянын лидерлеринин бири Курманбек Бакиев Кыргызстандын экинчи президенти болгон.

Курманбек Бакиев өлкөнү беш жыл гана башкарган. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде бийликтен кол жууп, үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. Кыргызстанда ага, анын балдарына жана инисине каршы кылмыш иштери козголуп, алар сыртынан ири мөөнөттөргө соттолушкан. Бакиевдин президенттиги учурунда оппозициянын лидерлери — Кыргызстандын үчүнчү жана төртүнчү президенттери Отунбаева жана Атамбаев болгон.

Жогоруда аты аталган ажолордун ичинен экс-президенттик макам Роза Отунбаевада гана бар. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн алдында өлкөнү башкарган — 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын декабрына чейин. Калгандары — Акаев, Бакиев жана Атамбаев — экс-президенттик макамдан жана аларга каралган артыкчылыктардан ажыратылган.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү алты жыл башкарып, мөөнөтү аяктагандан кийин президенттик шайлоодо өз мураскери жана досу Сооронбай Жээнбековду сүрөмөлөгөн. Жээнбековдун учурунда үзөңгүлөштөрдүн мамилеси бузулуп кеткен, бирок айрым бир убактарда муну четке кагып жүрүшкөн. Атамбаев жана анын тарапташтары оппозицияга өтүп, мурдагы өлкө башчысы кылмыштарды жасоого шектелип, экс-президенттик макамдан ажыратылган. Ал сурактарга баруудан баш тарткан, жыйынтыгында анын резиденциясы штурмга алынып, өзү тергөө абагына киргизилген.

Булак: Kloop.kg

Количество просмотров: 122