• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акаев кызматка сунушталган Султанбековдун эски иштерин эске салды

31 Жалган куран 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеш акыйкатчынын орун басарлыгына Анвар Султанбековдун талапкерлигин карады. Анда депутат Жанар Акаев Султанбековдун эски иштерин эске салды.

“Азия универсал банкында иштеп турганда айрым саясатчылардын туугандарына кредит бергенсиз. Ал азыр да коомчулукта чуу жараткан маселелердин бири. Ал жерде сиздин колуңуз коюлган. Ал кишилер менен сиз жакын доссуз. Ошондуктан биз ойлонуп туруп добуш беришибиз керек”,-деди Акаев.

Султанбеков Акакевдин суроолоруна жооп берип жатып фамилиясын өзгөрткөнүн кошумчалады.

“Фамилиям мурда Төлөгөнов болчу. Атамдын атын өчпөсүн деп Султанбеков кылып өзгөрткөм”,-деди ал.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш акыйкатчынын орун басарлыгына Анвар Султанбековдун талапкерлигин колдогон жок. 45 депутат «макул», 25 депутат «каршы» добуш берди. Султанбеков жетиштүү добуш ала алган жок.

Султанбеков 2020-жылдан тартып Акыйкатчы институтунда адам укугун коргоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген. Буга чейин ал банк тармагында, Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Количество просмотров: 316