• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

17 Теке 2020 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайлардын биринен акча уурдаган 27 жаштагы шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июль күнү болжол менен саат 13:00дө Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция бөлүмүнө арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 12:40та акча алмаштыруу жайынын кызматкерине карата электрошокерди пайдаланып, 10 миң АКШ долларына жакын акча каражатып ээлеп алган болжол менен 30-35 жаштардагы азият түспөлүндөгү белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу кармалган.

“Иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу жайында акчаны алмаштырган кардар катары кирип, анан жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүнү көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 миң АКШ долларына жакын акча каражатын алып, изин жашырып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Количество просмотров: 122