• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты

12 Бирдин айы 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Москва районунун ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочулардан төрт арыз катталган. Алар «Мерседес-Бенц», «Урал», «Дэу-Лабо» жана «Мерседес-Спринтер» автоунааларынан белгисиз адамдар аккумуляторун жана магнитофонун уурдап кетишкенин билдиришкен. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип,
жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Москва районунун жашоочулары 21 жаштагы О.Т., С.Ж. жана 22 жаштагы Ж.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Кармалган балдардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Андыктан Чүй облусунун ИИББы эскертет. Автоунааларга карата жасалган уурулуктарды алдын алуу үчүн, унааны атайын үн чыгаруучу жабдуулар менен камсыздоо, кечкисин унаа токтотуучу
жайларга, видеокамера орнотулган жайларга же кароолчусу бар жерлерге ошондой эле жарык жана ишеничтүү жайларга автоунааларды токтотуу кылмыштуулукту алдын алат. Эгерде кандайдыр бир шектүүлөрдү унаа токтоткон жайлардан жана үйлөрдүн жанынан көрүп же байкап калсаңыздар 102 номерине же жакынкы ИИОго кайрылыңыздар.

Количество просмотров: 74