• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Илим Карыпбеков футбол үчүн Акнеттен акча талап кылды

7 Теке 2018 22:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.07.2018.Govori.TV

Бүгүн Акнеттин колдонуучулары футболдун чейрек финалын көрө алышпайт. Бул туурасында соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Аталган кабелдик телевидение КТРК футболду трансляция кылыш учүн кошумча акча талап кылды деп, маалымымат таратты.

Бул маалыматты Акнеттин колдонуучулары терс кабыл алып, КТРКныда, Акнетти да каргаганга чейин барышты. Анткени бүгүн кечинде чейрек финалдык беттешинде Орусия футболчуларынын тагдыры чечилмек.

 

7-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери уланат.
Жарым финалга жолдомо алуу үчүн Швеция – Англия жана Орусия – Хорватия командалары жашыл талаага чыгат. Биринчи оюн кечки саат сегизде башталат.
Ал эми Орусия – Хорватия курамаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алат.

 

Количество просмотров: 17