• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти

15 Аяк оона 2023 16:11 Бишкек Govori.TV

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга каршы салынган санкциялык тизмени кеңейтип, ага дагы 70 жеке тарапты жана 100дөй компанияны киргизди.

Алардын арасында «АвтоВАЗ» жана «Москвич» автоунаа өндүрүүчүлөрү, авиациялык жана флот үчүн кыймылдаткычтарды чыгарган Рыбинскидеги «Сатурн» жана Москвадагы «Союз» илимий-өндүрүш бирикмелери, «Ак Барс Банк» жана «Синко-Банк» бар.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге «Союздун» башкы конструктору Мкртич Окроян жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Борбордук Африка Республикасынын (БАР) президентинин кеңешчиси Виталий Перфильев кирген. Перфильев «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын БАРдагы негизги өкүлдөрүнүн бири болуп эсептелет.

Санкциялык тизмеге кирген чет элдик компаниялардын арасында Финляндиянын Luminor жана Siberica бар. Ошондой эле Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Словениядан келген бир нече компаниялар кирген. Вашингтондун версиясына ылайык, алар орусиялык компанияларга электроникалык жабдууларды экспорттоп, Орусияга кош максатта колдонулуучу товарларды жеткирип турушкан.

Количество просмотров: 131