АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Жүк-200” 8-мартта эртең менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилген.
«Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги жана АКШдагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте ыкчам түрдө уюштурулган»,-деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартында АКШнын Филадельфия шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болгон.