• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Аксы электр станциясында пара опузалоо фактысы катталды

27 Жалган куран 2023 10:45 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук электр станциясында системалуу түрдө пара опузалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартам деп коркутуп, пара катары сый акча алганы аныкталды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 25-мартта кызматкер 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

Количество просмотров: 101