• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Аксы ооруканасында чыккан өрт боюнча министрлик маалымат таратты

13 Жалган куран 202311:35 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги Аксы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында чыккан өрт боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, учурда Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кеткени белгилүү болду.

«Жеринде Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Бардык тийиштүү ич-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан төрт бөлүмдөн (реанимация, төрөт, хирургия, балдар) 134 оорулу эвакуацияланды», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 79