Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан 6 адам каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен ырасташты.
Маалыматка караганда, ооругандар Аксы аймактык ооруканасына кайрылган. Башында үч адам каза болгону айтылган, азыр бул көрсөткүч алты адамга жеткени маалым болуп, өздүгү такталган.
Алар:
Алдын ала маалымат боюнча, ооруканага кайрылгандар спирт ичимдигинен ууланган. Кара-Суу айыл аймагынын маалыматына ылайык, каза болгондордун баары жергиликтүү тургундар.