• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Активист Адилет Балтабай камакта калтырылды

1 Баш оона 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин соттук териштирүүсү уланды. Сотто активистти үй камагына чыгаруу өтүнучү келтирилген, бирок судьялар тарабынан бул өтүнүч четке кагылып, Адилет Балтабай абакта калтырылды.

Белгилей кетсек анын бөгөт чарасын 27-июлда Биринчи май райондук соту карап, анын камак мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Адилет Балтабай быйыл 30-июнда Ички иштер министрлигине суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 299