• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Активист: Маалымат согушунда УКМК алдыда болушу керек эле, тилекке каршы аркабызда туруп берди

21 Аяк оона 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунан кийин интернет желесинде тажик тараптын фейк, троллдору социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүнүн үстүндө жандуу иштеп жатат. Бул арада кыргыз интернет колдонуучулары дүйнө жүзүнө жана коңшу тажик элине чындыкты жеткирүү аракетин көрүшүүдө.

Govori.TVнын «Майдан» дебаттарында «Маалыматтык согушта туруштук бере алдыкпы?» деген темаданын үстүндө талкуу жүрүп, катышуучулар тарабынан бир катар пикирлер айтылды.

Жарандык активист Атай Бейшенбек чек арадагы жаралган жагдайдан улам орун алган маалыматтык согушта өлкөнүн атайы кызматы коомчулукка маалымат берүүдө жетиштүү иш алып бара албай калды деген пикири менен бөлүштү.

«Мен бир маселеге токтолгум келди. Азыр мына мамлекеттик катчы ыраазычылык билдирип жатат. Ушунун башына кошсо болмок, тилекке каршы бакыйган мамлекеттик институт ошончо ресурс менен, каражат, адамдык ресурс, техника, дрон… эмне гана жок, ошол менен биз тилекке каршы өзүбүздун ал-акыбалыбызды таппай шок болуп олтурганда бизди колдоп кеткен элге ыраазычылык десе жарашат эле. Эми азаматсыздар туура иш кылдыңар деп коюп кутулуп кеткен жарабайт. Биз баардык нерсени так туура айтканды үйрөнгөндө гана оңолобуз. Ошондуктан УКМК баардык бейөкмөт уюмдарга, коомчулук, активисттерге маалыматтык коопсуздукта коргоп калганыңарга ыраазычылык деди. Бул УКМК деген акыркы учурда биздин түшүнүгүбүздө саясий көз караштагы активисттер менен же эркин көз карашын билдирген адамдар менен күрөшкөн орган катары кабыл алынып калды. УКМК бул азыркы заманда маалымат согушунда эң алдыңкы орунда тура турган орган болушу керек эле. Тилекке каршы аркабызда туруп берди. Ушу өзүлөрү моюндап жаткандыктан президенттин айланасындагы уяты жок чиновниктер уялып мындан ары кантип иштейбиз деген маселенин үстүндө ойлонушу керек. Мындан ары биздин иштегенге канчалык моралдык жактан укугубуз бар… бул жерден элди уят кылганы мейли биз көнүп калганбыз да, ошол президенттин өзүн ортого салып коюшту. Кризистик учурда президентке андан чыгып кетүү тууралуу сунуш бере алган жок», — деди активист.

Количество просмотров: 1157