• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө

2 Тогуздун айы 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

‘Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, Каракол шаарындагы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында “Сайга” жана башка куралдар табылып алынган. Ошондой эле көрсөтүлгөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмышка катыштыгы бардыгы аныкталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда активист Максат Касеновду белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу маалыматтар тараган.

Белгилей кетсек, Максат Касенов «Улуу Кыргызстан» кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты.

Количество просмотров: 246