• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Активист Шаменовдун машинасына коюлган зат жараксыз граната экени аныкталды

27 Баш оона 2022 22:53 Бишкек Govori.TV

 “Азия Молл” соода борборунун жер төлөсүндөгү унаа жуучу жайында «Тойота Камри» унаасынын астынан табылган граната жараксыз болгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында аталган соода борбордун жер төлөсүндө «Тойота Камри» маркасындагы автоунаасынын алдынан РМД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгенлиги аныкталган.

Изилдөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, РМД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо «баш тартуу» берилген. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес, буга байланыштуу бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин («Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу») фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.

Количество просмотров: 166