• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Актёр Ален Делондун үйүнөн катталбаган курал-жарактар табылды

29 Бирдин айы 20249:01 Бишкек Govori.TV

Франциянын полициясы белгилүү киноактёр Ален Делондун үйүнөн катталбаган 72 ок атуучу курал тапты.

Актёрдун ал курал-жарактарга тиешелүү документтери жана аларды алып жүрүүгө уруксаты болгон эмес.

Мындан тышкары актёрдун Париж шаарынын жака белиндеги үйүнөн 3 миңден ашык ок-дары жана жеке ок атуу жайы (тир) табылган.

Тинтүү иштери сот тарабынан дайындалган аткаминер Делондун үйүнө барып, ал жерде турган тапанчаны байкап калгандан кийин башталган. Тинтүү маалында табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылар конфискацияланды.

88 жаштагы Ален Делон француз киносунун ХХ кылымдагы эң популярдуу актёрлорунун бири. Ал 2019-жылы инсульт болуп, саламаттыгы толук калыбына келе элек. Актёр акыркы жолу эл алдына 2021-жылы, кесиптеши жана досу Жан-Поль-Бельмандонун тажыясына барганда чыккан.

Количество просмотров: 111