• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Актёр Мамаевдин иши. Экинчи тарап эмнеге нааразы?

29 Бугу 2024 17:33 Бишкек Govori.TV

Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренелери менен шек саналып жаткан актер Чыңгыз Мамаевге чыккан чечимге каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылдык. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда «Сезим» кризистик борборунун мурдагы жетекчиси, укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова журналисттерге билдирди.

Рыскулова иш экинчи инстанцияда каралып жатканына карабай, Жогорку соттун социалдык тармактагы баракчасына актёрдун интервьюсу жарыяланганына нааразы болууда.

«Бул ишке 2 жыл болуп калды. Биз жабырлануучу тарапка жардам берип келе жатабыз. Свердлов райондук сотунун судьясы шектүүгө карата актоо өкүмүн чыгарды. Райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганбыз, 5-июнда соту уланат. Жогорку соттун социалдык тармактагы баракчаларынан көрдүк, айыпталуучу маалымат берүү менен күнөөсү жок экенин айтып жатат. Биз дагы өз жүйөбүздү айтуу үчүн келдик»,-деди Бүбүсара Рыскулова.

Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы кененирээк маалымат кийин бериле турганын маалымдады.

Кошумчалай кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында чет өлкөлүк жаранды зордуктоого шек саналып кармалган. 6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. 2023-жылдын 11-январында Бишкек шаардык соту Мамаевди үй камагына чыгарган.

Үстүбуздөгү жылдын 17-апрелинде Свердлов райондук соту Мамаевге актоо өкүмүн чыгарган.

Количество просмотров: 1596