• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Акылбек Жамангулов, депутат:“Мегакомдо” он топ-менеджер 150 адамдын айлыгын алат”

5 Кулжа 2018 13:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

“Өкмөт “Мегакомду” сатпасак болбойт, эртерээк ээсин таппасак кирешеден куру калабыз дейт. Ал эми ал жактагылар кирешелүү мамлекеттик ишкананын акчасын өздөрүнө мыйзамдаштырып ыйгарып алууда…”. Мындай сөздү, Govori.TVга ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов айтты.

Ал бүгүн парламенттеги эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетине мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин айлык маяналары боюнча маселелерди карап чыгууга комитеттин ичинде атайын убактылуу комиссия түзүүнү сунуштап, сунушу колдоо тапкан.

“Мен тиешелүү жактарга депутаттык суроо жөнөтүп, жетиштүү маалыматтарды топтодум. Мисалы, “Мегакомдо”  1500 киши иштесе, анын арасынан 10 топ-менеджердин же башчыларынын айлыгы 1500 адамдын жалпы айлык маянасынын он пайызын түзөт экен. Ошондо он киши 150 адамдын айлыгын бөлүп алып жатканы кандай мыйзамга сыят?”,-дейт ал.

Депутаттын пикиринде, алардын айлык маяналарынын суммасы 10 000 АКШ долларынан ашып түшүп, кошумча жеңилдиктери менен 13-15 миң долларга чейин чыккандары бар экен.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Мегаком” компаниясынын башчысы Азат Базаркуловдун телефондук чыгымдары үчүн  эле бюджеттен ай сайын 50 миң сом бөлөөрү ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгын алып келген эле.

Количество просмотров: 36